109% чейинки натыйжалуулугу менен котелдор

Туркиянын өндүрүшү — Голландиянын сапаты
Биздин компания жана кызматтар
«Алато Инженеринг» компаниясы 15 жылдан ашык убакыттан бери жылуулук системаларын орнотуп келет. Биз Түркия, Россия, Өзбекстан, Азербайжан, Түркмөнстан, Кыргызстан жана башка дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө иштейбиз.

Кыргызстанда биз котелдорду жеке үйлөргө орнотобуз. Ошондой эле көп кабаттуу комплекстерге жылытуу тутумдарын орнотобуз. Биз колдонгон жабдуулар Түркияда жана Европа өлкөлөрүндө өндүрүлөт.

  • 109.1% чейинки натыйжалуулук
  • Газ күйүү технологиясынын жардамы менен жогорку үнөмдөө
  • Орунду аз ээлөөчү дубалга орнотуу
  • Тынч иштөө
«Алато Инженеринг» компаниясы – «Баймак» компаниясынын Кыргызстандагы жалгыз расмий дистрибьютору.

«Баймак» компаниясы 1969-жылдан бери иштеп келет жана Европада газ казандарды чыгаруучу алдыңкы компаниялардын бири. Түркияда өндүрүшү бар голландиялык компаниянын 2100дөн ашуун соода түйүндөрү жана 250дөн ашуун тейлөө борборлору бар.

Компаниянын өнөктөштөрү болуп төмөндөгү дүйнөлүк өндүрүүчүлөр саналат: Grundfos, Honeywell, Wilo, Ecoflam, Siemens.

Котелдордун түрлөрү
Котелдун баасына эмне кирет?
  • Акысыз орнотуу жана ишке киргизүү
  • Гарантия 24 ай
  • Акысыз жеткирүү (Бишкек шаары боюнча)
Алдыңкы курулуш компаниялар биз менен кызматташат

Жеке котелдордон тышкары, биз көп кабаттуу үйлөргө жана башка имараттарга жылытуу тутумдарын курабыз. Биздин өнөктөштөрдүн арасынан «Ихлас» жана «Кыргыз Унаа Курулуш» компанияларын таба аласыз. 


Бүгүнкү күндө биз Кыргызстанда үч котельная курдук:
экөө Бишкекте, бирөө Ошто.
  • «Көк-Жар» котельнаясы 2020-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Анын жалпы кубаттуулугу 1 миллион 300 миң ккал/саат. Ал 187 батирлүү болгон 12 кабаттуу үйдү ысык суу менен камсыз кылат. «Ихлас» курулуш компаниясы курган. Котельная толугу менен автоматташтырылган жана дүйнөнүн бүт бурчунан башкарылат. Котелдор Түркиядан чыккан, ал эми горелкалар Италиянын өндүрүшү.
  • «Ак-Кеме» котельнаясы 2019-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Анда саатына 18 миллион ккалга чейинки жылуулук чыгара турган 4 котел бар. Бул кубаттуулук 20дан ашык турак үйдү камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет. Котельная бөлмөсүнүн иштөө логикасын биз жеке ушул система үчүн программалаганбыз.
  • Ош шаарында «Кыргыз унаа курулуш» котельнаясы 2020-жылы пайдаланууга берилген. Ал Италияда чыгарылган Immergas ARES 770 конденсаттуу котел менен инженердик заводду жылытат. Жогорку эффективдүү котел 660 000 ккал/саат кубаттуулукка ээ.

Байланыш үчүн: